Новости
Новости Кырг

"Жалбыз" сериалынын экинчи сезонунун бет ачаары

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Улуттук тарых музейинин конференц залында, «Кыргызсериал» чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик мекемеси өзүнүн биринчи долбоорун, келечекте көрүүчүлөргө тартуулана турган сериалдардын кыскача роликтери жана “Жалбыз” аттуу социалдык- лирикалык көркөм сериалынын 2-сезонунун бет ачаарын өткөрдү.

«Кыргызсериал» чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Ж.Өзбекова өзүнүн алгачкы сөзүндө, быйылкы жылга коюлган максаттар, долбоорлор жана жалпы “Кыргызсериалдын” өндүрүшү боюнча баяндады. Ошондой эле учурда, улуу муун менен жаштардын тандеми түзүлүп, бирдей ыргакта, шайкеш иштөө өзүнүн жемишин берип жатканын белгиледи. Сериалдар мамлекеттик каржылык колдоо менен тартылууда.

Бет ачаар аземге Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, маданият ишмерлери жана кеңири коомчулук катышты.

Биринчи сезондо үйлөнүү-үлпөт тоюнун алдында дайынсыз жоголгон Жалбыздын тагдыры андан ары кандай уланды? Аруузат, сулуу кыздын күтүлбөгөн жерден жоголушу анын кулк- мүнөзүнө, тагдырына, жашоого болгон көз карашына кандай из калтыргандыгы сериалда чагылдырылып, “Жалбыз 2” нин бир сериясы көрүүчүлөргө тартууланды.

Режиссеру: Р. Мурзаев.

Оператору: А. Токторбеков

Башкы ролдордо: А.Мукамбет кызы, Т.Үмөтаалы кызы, К.Алимжанов ж.б.