Урматтуу достор!
Улуттук идеяга каныккан, мыкты жана сапаттуу ата мекендик сериалдарды тартуу учурдун талабы экени анык.
Менин жеке демилгем жана мага ишенген бир ууч чыгармачыл топтун күжүрмөн аракети менен, 2000-жылдан тарта алгачкы кыргыз сериалдарына чыйыр салынып, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таап келе жатат. Жан дүйнөбүздү жарып чыккан ар бир сериал - окуя болду, жолубузду бөгөгөн түрдүү тоскоолдуктар ого бетер курчутту.
Көптөн күткөн тилегибиз орундалып, мамлекеттик колдоого ээ болдук, учурда “Кыргызсериалынын” Көркөм Кеңеши татаал жана түйшүктүү ишин чоң жоопкерчилик менен алпарып, убакыт-саатка карабай иштеп жатканына терең ыраазы болом. Ал эми чакан эмгек жамаатыбыздын бир ыргакта, бир толкунда канат күүлөп баратканы ийгиликке жеткирчү жакшы жөрөлгө деп билем.
Быйыл, 2023 - жылы 6 даана көркөм сериал өндүрүшкө кирди, таланттуу жаштар менен тажрыйбалуу кино чеберлери бирдикте - шайкеш эмгектенип жатышат. Бизде казылбай жаткан кен, ачылбай жаткан алтын сыяктуу руханий дөөлөттөрүбүз көп, чети оюла элек. Келээрки жылдарда тарыхый, кыргыз элинин кенже баатырдык эпостору, балдар жана өспүрүмдөр үчүн жомоктор менен катар Улуу Жеңиш жана Улуу Инсандарга байланыштуу көркөм сериалдарды жаратууга ниет кылып жатабыз. Албетте ага заманбап павильондорду куруу жана талапка ылайык материалдык-техникалык базабызды түзүү менен гана жетээрибиз шексиз.
Озбекова Женишгул Авазовна